Site icon Reporter.kg

Бишкекте курулушчуларга 1,8 млн сом айып пул салынды

Акыркы 10 күндө Бишкекте мыйзам бузган курулушчуларга  1,8 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Бишкектеги архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалык долбоорлоо жана курулуш эрежелерин бузуулар үчүн мыйзамга ылайык 200 миң сом айып пул каралганын эскерип, мыйзамды сактоого чакырат.

Бишкектеги архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы мыйзамсыз курулуш менен күрөшүү ишин улантат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version