Бишкекте куткаруучулар өз жанын кыйгысы келген аялды сактап калышты

Бишкекте куткаруучулар өз жанын кыйгысы келген аялды сактап калышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирмекчи болгон аялдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 14-апрель күнү саат 20:53тө Жал кичи районунунда жайгашкан үйдүн батиринин тургуну, батирдин терезесине чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Куткаруучулар аялды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>