Бишкекте аялын уруп-сабап, бычак сайган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга аял киши кайрылып, 19-февралда күйөөсү М.М. уруп-сабап, бычак сайганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда күйөөсү аялын мурда да сабап жүргөнү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн Укук бузуулар кодекси боюнча бир нече жолу жоопко тартылганы аныкталган.
Милиция 36 жаштагы жаранды (М.М.) кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.