Site icon Reporter.kg

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү банкты алдап кетти

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Октябрь РИИБине банк кызматкери арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 2-октябрында 7-кичи районунан коммерциялык банктардын биринен башка жаранга тийиштүү документтерди көрсөтүп 100 миң өлчөмүндө кредит алып, качып кеткенин жазган.

Бул факты 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө мштеринин жүрүшүндө 1982-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турат. Учурда анын дагы башка кылмыш иштерине тийишеси бар жогу аныкталып жатканы кабарланды.

Exit mobile version