Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрү атыша кетти — сүрөттөр

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрү атыша кетти — сүрөттөр

Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар атыша кетип, бир нече унаа жана 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, атышуу бүгүн, 9-декабрда болжол менен саат 20:30дарда болгон.

Атышуудан 4 унаа жабыркап, алардын бири бакты сүзүп токтогон. Алдын ала маалыматтарга караганда, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чатакташа кеткен.

[su_image_carousel source=»media: 15512,15511,15510,15509,15508,15507,15506″ limit=»36″ crop=»none»]

Окуя болгон жерге уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери келип, териштирүү иштерин баштаган.

Сүрөттөр: 24.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>