8-май күнү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда классикалык кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышып, 55, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 100 жана +100 кг салмак категорияларында күч сынашышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан диплом жана медалдар тапшырылат.