Site icon Reporter.kg

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана кыз-келдиндер арасында өтөт. Ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.

Салмак категориялар:

Эркектер арасында: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;

Кыз-келиндер арасында: 55, 60, 66, 74, 84, +84 кг.

Белгилей кетсек, өлкө чемпионаты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Exit mobile version