Site icon Reporter.kg

Бишкекте кыргыз мигранттарын колдогон митинг-концерт өтүүдө (ВИДЕО)

Бишкекте Горький сейил багында кыргыз мигранттарын колдогон митинг-концерт өтүүдө. Ага 200дөн ашык киши Орусия менен Кыргызстандын желектери менен кошо улутчулдукка каршы плакаттарды көтөрүп турушат. Алардын арасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-жетекчиси Абдылда Капаров, саясат таануучу Бакыт Бакетаев, экс-депутат Евгения Строкова да жүрөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга арналган жана Украинадагы окуяларга эч кандай тиешеси жок.

Өткөн ишембиде Орусиянын аракеттерин колдоо митинги Ошто да өткөн болчу.

Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжал  2022-жылдын 24-февралында башталган.

 

 

Exit mobile version