Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат

Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 22-сентябрда Бишкекте өтүп жатат. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча маселелер каралып, бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Орусиядан келген делегациянын башчысы – орус өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчукту Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда кабыл алды. Жолугушууда алар эки жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышты. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы, орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразия фондунун линиясы менен 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыясы үчүн Орусиянын бийлигине ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле пандемиядан кийинки мезгилде биргелешип аракеттенүү, соода-экономикалык мамилелерди жандандыруу жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүүдө чогуу чара көрүү зарыл экенин айтты. Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков Орусия менен энергетика, темир жол, инфратүзүм, аймактарды өнүктүрүү жаатындагы жана ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар экенин билдирди. Бул багытта өкмөт аралык комиссияга чоң роль берилгенин кошумчалады.

Орус өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук Орусия Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү мамилелерди баалай тургандыгын баса белгиледи. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык өнүгүп жатканын айтып, ЕАЭБдин алкагында жигердүү аракеттерге көңүл бурду. Оверчук мындан тышкары коронавирус менен күрөшүүдө биргелешкен иштерди, ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишмердигин белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары эки жактын тең кызыкчылыгын көздөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны — коронавирус пандемиясы башталгандан бери чет өлкөлүк делегациянын катышуусунда Бишкекте өткөн алгачкы чоң жыйын.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>