Site icon Reporter.kg

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкерлеринин форуму өтөт

Эртең, 21-сентябрда Бишкекте «Жол картасын ишке ашыруунун натыйжасы катары Кыргыз Республикасынын — Өзбекстан Республикасынын ишкер аялдарынын диалогу» эл аралык аялдар бизнес форуму өтөт.

Форумда Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасынын түрдүү тармактарынын лидер аялдары өз бизнеси тууралуу сүйлөшүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, эң башкысы өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча ишкердик байланыштарды түзүшөт.

Форумдун алкагында ишкер аялдар үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана перспективаларга өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле алардын Борбордук Азиянын бизнес чөйрөсүндөгү ролун күчөтүү каралат.

Форум Жогорку Кеңештин төрагасы, анын орун басары Аида Касымалиева жана эл аралык донор уюмдар — БУУӨП жана ЮСАИДдин колдоосу менен өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлорунун лидер аялдарынан турган «Борбордук Азиянын аялдар лигасы» коомдук фонду уюштурууда.

Exit mobile version