Site icon Reporter.kg

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

Бишкек шаарында 1-7-апрель күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул багыттагы жумуштар улантылат, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылды.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүү абалында өттү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version