Бишкекте Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогу өтүүдө

Бишкекте Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогу өтүүдө

Бишкек шаарында Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогу өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол уюмунан билдиришти.

Турнир 15-мартта Арча-Бешиктеги “Газпром” спорт аянтында башталды. Ал 19-мартта жыйынтыкталат.

Алгачкы оюн күндө “Steelex” 6:2 эсеби менен “Шавкатты” жеңсе, “Кара-Дарыя” 2:5 эсебинде “Мурас” командасына жеңилди.

Бүгүн, 16-мартта саат 17:20 жана 19:20да дагы эки оюн өтөт.

«Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогу-2021” — өзгөчө мелдеш катары өткөрүлөт. Тайпалык баскычтагы ар бир оюндун соңунда беттеш кандай жыйынтыкталбасын пенальти тебилет.

Ошондой эле оюндун ортосундагы тыныгуу убактысында катышуучу командалар арасында 10 метрликтен тебүү, бирге бир чыгуу — футзал буллити боюнча сынактар өтөт. Мелдеш жыйынтыгында сынактын мыктылары аныкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>