Бишкекте жол кырсыгынан 3 киши ооруканага түштү

Бишкекте жол кырсыгынан 3 киши ооруканага түштү

18-мартта болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Токомбаев жана Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, андан ары жөө жүргүнчүнү сүзүп токтогон.

Натыйжада Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү, ошондой эле 2001-жылкы жөө жүргүнчү жабыркап ооруканага кайрылышкан. Учурда унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>