Бишкекте кызды ит тиштеп алды. Мэрдин кеңешчиси акимге жана «Тазалыктын» жетекчисине эскертүү берди

Бишкекте кызды ит тиштеп алды. Мэрдин кеңешчиси акимге жана «Тазалыктын» жетекчисине эскертүү берди

Ботаникалык бакчада бишкектик кызды  ит тиштеп алды деген маалымат социалдык тармактарда тарап жатат.

«Бүгүн менин эжемди ботаникалык бакчада ит тиштеп алды жана бул иттер үчүн ким жооп берет? Ушундай үч ит бар, алар ошол эле жерде жүрүшөт. Кайда байланышса болот? Эмне үчүн жолбун иттер атылбай жатат? Мен өзүмдү иш тиштен албасын деп сактанып, ал жакка барууга батынбай элем», — деп жазган Facebook колдонуучусу.

Бишкек шаарынын мэринин  жаңы кеңешчиси Асхат Осмонов бул окуяга реакция жасады. Ал социалдык тармактарга «Тазалык»  муниципалитетинин башчысы Рыспек Сарпашевге, Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев жана башка акимдерге расмий эскертүү берилип жатканын жазды.

«Мен бул маселени эртеңки отурумда көтөрөм. Кимди бул иттер тиштесе, аларды дарылатып,  Ботаникалык бакты жана шаарды жолбун иттерден тазалатабыз», — деп жазат ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>