Site icon Reporter.kg

Кызды зордуктап, андан кийин апасы менен кошо мууздаганга шектелип 16 жаштагы бала кармалды

Бишкекте апасы менен кызын бычактап өлтүргөнгө шектелип  16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу борбор калананын милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда жүргүзүлгөн тергөөнүн алкагында, мурда соттолгон 2005-жылы Ысык-Көл облусунда туулган бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мыйзамдуу өкүлү жана жактоочунун катышуусундагы суракта шектүү жасаган ишин моюнуна алып, сотко чейинки өндүрүштө табылган буюмдарды далил катары айтып берген.

Ал эми эмне себептен өлтүргөнүн айткан эмес.

Белгилей кетсек, 12-майда Бишкек шаарында апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкенри кабарланган. Окуя Жибек-Жолу жана Ибраимова көчөлөрүнун кесилишиндеги үйлөрдүн биринде 11:25 чамасында болгон. Анда 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу аял кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлүп, алдын ала маалымат боюнча, 31 жаштагы кызды алгач зордуктап, андан кийин апасы менен кошо мууздап кеткени кабарланган.

Exit mobile version