Site icon Reporter.kg

Бишкекте күзгө чейин 15 мектеп, бир бала бакча куруу милдети аткарылды

Мугалимдин коомдогу кадыр-баркын жана статусун жогорулатуу мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги №40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттарынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Буга чейин президент тарабынан Бишкек шаарында күзгө чейин 15 орто мектеп жана 1 бала бакча куруу милдети коюлган. Бул милдеттер аткарылды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, Бишкек шаарынын мэриясынан 500 млн сом бөлүнгөн. 1-сентябрдан тарта жаңы мектептерди ачып, окуучуларды кабыл ала баштадык. Буга чейин мектепти 3-4 айда курууга мүмкүн экендигине эч ким ишенчү эмес, куруучулар алдыга коюлган планды аткара алышты», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, өлкө жетекчилиги мектептерде окуу-тарбия иштерин өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт.

«2022-жылы мугалимдердин маянасы бир топ жогорулатылды. Ошону менен бирге мугалимдердин эмгегин стимулдаштыруу боюнча ырааттуу иштер улантылат. Биздин балдарыбыз билимдүү жана сергек болуп жетилип, коңшу өлкөлөрдөгү теңтуштары менен ийгиликтүү атаандаша алышы керек. Мугалимдин коомдогу кадыр-баркын жана статусун көтөрүү – мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири», — деп Министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров «Жаштык» спорт комплексинин базасында курулуп жаткан аялдар күрөшү залынын курулушу менен таанышты.

Объекттин курулушу 2022-жылдын 29-апрелинде республикалык бюджеттин эсебинен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча башталган. Учурда объекттин курулушу 94% аяктаган.

Маалымат үчүн: Учурда республика боюнча 2333 жалпы билим берүүчү мектеп болсо, анын 37си жаңы курулган.

Бишкек шаарындагы №40 орто мектеп үчүн аянты 4137 кв. метр болгон кошумча окуу корпусу курулду. Жаңы үч кабаттуу имарат 500 окуучуга ылайыкталган, 18 окуу бөлмөсү, спорт жана жыйындар залдары менен камсыздалган.

Мындан сырткары мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут оюндары үчүн спорт аянтчалары курулган. Аталган тилкелер көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган.

Бишкек шаарындагы №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин аймагында жалпы аянты 2 040 кв. метр болгон кошумча имарат курулган, анда спорттук жана жыйындар залы бар.

Жыйындар залында 130 орундук сахна жана кийим илгичи каралган. Жаңы имарат кошумча 600 мектеп окуучусуна саналган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version