Бишкекте кызыл зонада иштеген өмүр сакчыларына малинадан кыям таратылды

Бишкекте кызыл зонада иштеген өмүр сакчыларына малинадан кыям таратылды

Кадамжай районунун жашоочулары Бишкектеги дарыгерлерге малина кыямын жеткиришти. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор шаардагы медкызматкерлер Кадамжай районунун жашоочуларынан 700 литрден ашык малина кыямын алышты.

Бул кыямдар азыркы кырдаалда Бишкектеги кызыл зонада, изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылды.

[su_image_carousel source=»media: 37145,37144,37146″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>