Site icon Reporter.kg

Бишкекте «Лексус lХ570» унаасын өрттөөгө шектүү жаран кармалды

Бишкекте «Лексус lХ570» үлгүсүндөгү унааны өрттөөгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-декабрында Т.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга карйлган. Анда ал ошол күнү саат 03:50 чамасында Учкун кичи районунда “Лексус LХ 570” унаасын белгисиз адамдар өрттөп жиберип, андан соң качып кетишкенин билдирген.

Аталган факты Свердлов РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголгон

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Р.Н., тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул кылмыш ишинин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version