Site icon Reporter.kg

Бишкекте люктан эркек кишинин сөөгү табылды

Бишкектин Биринчи Май районундагы Нарвский көчөсүндө люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин алдын ала маалыматы боюнча, ал адамдын туруктуу жашаган жери жок экенин белгилейт.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version