Бишкекте манасчыларды эскерүү кечеси өтөт

Бишкекте манасчыларды эскерүү кечеси өтөт

17-сентябрь күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын жыйындар залында манасчыларды эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечеде Балык Кумар уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев жана Уркаш Мамбеталиев сыяктуу залкар манасчылар эскерилип, бул тармактагы актуалдуу маселелер көтөрүлөт.

Эске салсак, аталган эскерүү Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаев 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналат.

Уюштуруучулар, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Манас Эл” кыймылы жана “Көйкашка” коомдук фонду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>