Site icon Reporter.kg

Бишкекте Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөзүнө каршы митинг өтүүдө, — сүрөт

Бишкек шаарында «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы акция өтүп жатат.

«Кул болбо!» аталышындагы акцияга чыккандар «Эл, эрк, эркиндик!», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандарды кыйкырып, Эркиндик бульварынан жүрүш жасап, борбордук аянтка келишти.

Митингде болжолдуу 300-400дөн ашуун адам катышууда.

[su_image_carousel source=»media: 41870,41871,41872,41873″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Интернетке Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган.
«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз, кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн чогуу интеграцияланышыбыз керек», — деген анда Марат Аманкулов.
Бул тасма кыргыз интернетинде нааразылыкты туудуруп, Аманкуловдун дарегине ачуу сындар жааган.

Бул күнү түштөн кийин Аманкулов билдирүү таратып, видеону чагым деп атаган.

Exit mobile version