Site icon Reporter.kg

Бишкекте маршруттук такси жол кырсыгына кабылды — сүрөт

Бишкекте бүгүн, 29-октябрда жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуяга күбө болгондор билдирди.

Алардын айтымында, жүргүнчү ташыган кичи автобус менен «Хонда Фит» кагышкан. Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен бир нече жүргүнчү жеңил жаракаттарды алышкан. Учурда окуя болгон жерге тез жардам кызматы келди.

Exit mobile version