Site icon Reporter.kg

Бишкекте маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда

Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Анда жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыккан.

Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу, экинчиси — автобус, троллейбуста жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

Эске салсак, 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен митингге чыгышкан. Алар жол акы көтөрүлбөсө иш таштай тургандыктарын билдиришкен.

Айрым маалыматтарга ылайык, айдоочулар 3-май күнү да ишке чыкпай турганы айтылууда.

Мэриядан белгилүү болгондой, Бишкек шаары боюнча 1979 маршурттук каттам болсо, азыркы тапта анын 1600ү гана иштөөгө жарактуу. Шаар тургундарынын дээрлик көпчүлүк бөлүгү маршрутка менен жүрүшөт.

Exit mobile version