Бишкекте март айынан тарта коомдук транспорттогу акы төлөө толугу менен электрондук тартипке өтөт

Бишкекте март айынан тарта коомдук транспорттогу акы төлөө толугу менен электрондук тартипке өтөт

Бишкектин жашоочулары март айынан баштап, коомдук транспорттогу акы төлөмдү толугу менен электрондук тартипте төлөшөт. Бул тууралуу «Электрондук билеттештирүү” долбоорунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, март айынан тартып электрондук төлөөгө өтүп, накталай акча төлөө тартиби жоюлат. Учурда жол кирени төлөө тесттик режимде өтүүдө. Анда жүргүнчү накталай дагы электрондук карта менен дагы төлөм жүргүзө алат.

Учурда шаар тургундары электрондук карталарды уюлдук байланыш жайларынан алса болот. Пенсионерлерге карталар муниципалдык аймактарда, окуучуларга мектептерден берилүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>