Бишкекте мас айдоочу унааларды сүзгүлөдү —видео

Бишкекте мас айдоочу унааларды сүзгүлөдү —видео

Бишкекте “Лехсус” унаасын башкарган мас айдоочу  бир нече унааны сүзүп салды.  Окуянын видеосун активист Болот Ибраимов «Фейсбуктагы» баракчасына жүктөдү.

Видеодон мас айдоочу улам алдынан чыккан унааларды сүзүп, жолго тыгын жаратканын көрүүгө болот.

Патрулдук милиция кызматы айдоочу кармалып, унаасы айып токтомго киргизилгенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>