Site icon Reporter.kg

Бишкекте массалык иш-чара өткөргөн ресторанга айып салынды

Бишкек шаарын мэриясы бүгүн, 10-сентябрда санитардык жана эпидемиологиялык тартиптердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүп жатат. 

Анда коомдук тамактануучу жайлар, кафе ресторандар текшерилди.

Рейддин алкагында борбор калаадагы «Ак сарай» рестораны аталган эрежелерди бузгандыгы аныкталды. Тактап айтканда ресторанда куран окутуу иш-чарасын өткөрүү максатында 260 адамга орун даярдалган. 

Бул факт боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом айып салынды.

Эгерде ресторанда кайрадан талап кылынган эрежени бузса анда электр энергиясы жана суу өчүрүлөрү эскертилди. 

 

 

 

Exit mobile version