Site icon Reporter.kg

Бишкекте массалык мушташка катышкандар изделүүдө (видео)

Бишкекте 15-майга караган түнү болгон массалык мушташка катышкандар изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-майга караган түнү болжол менен саат 01:00до «102» кызматына Абдырахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине дароо милиция кызматкерлери чыккан. Милиция барган учурда окуя жеринде эч ким болгон эмес.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милициядан билдиришкендей, учурда мушташка катышкандарды издеп-табуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Vefa соода борборунун жанында мушташып жаткан топ балдардын видеосу тараган.

Бишкектеги массалык мушташтын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version