Site icon Reporter.kg

Бишкекте массаж салонуна жамынып сойкукана иштетишкен

Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Коопсуздук кызматы аны уюштуруучусун кармады. Маалыматка караганда, ал жерде 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп келген.

УКМК сойкукана уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, андай жайда иштегендер үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version