Site icon Reporter.kg

Бишкекте мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал оор. Бул тууралуу шаардык бийлик билдирди.

Мындан улам калаада мектептердин базаларында ачылган күндүзгү стационарлар кайрадан ишке кирүүдө.

Тизме:

Ленин району:

Ак-Ордо жаңы конушу, № 96 орто мектеп — 30 орун;

Жал кичи району, № 95 орто мектеп — 50 орун.

Биринчи май району:

Ак-Босого жаңы конушу, № 81 орто мектеп — 40 орун;

Айни-13 көчөсүндө жайгашкан № 69 орто мектеп — 120 орун.

Октябрь району:

6-кичи району, № 39 орто мектеп — 50 орун;

11-кичи району, № 63 орто мектеп — 40 орун.

Свердлов району:

Атай Огомбаев көчөсүндө жайгашкан № 4 орто мектеп — 50 орун;

Гоголь көчөсүндө жайгашкан № 65 орто мектеп — 60 орун.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, кычкылтек концентраторлору жетиштүү, эгер зарылчылык жаралса ыкчам түрдө стационарларга жеткирилет.

Мектептердин базаларында ачылган стационарлар коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоого даяр экенин вице-мэр Виктория Мозгачева кабарлады.

Exit mobile version