Бишкекте мектептерди апрелден толук ачууга бир тоскоолдук жаралуусу мүмкүн

Бишкекте мектептерди апрелден толук ачууга бир тоскоолдук жаралуусу мүмкүн

Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон сакталса мектептер 1-апрелден тарта көнүмүш адатта иштей баштайт. Бул тууралуу 26-мартта өткөн маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева айтты.

«1-апрелде төртүнчү чейрек башталат. Биз аны үчүнчү чейректегидей эле режимде баштоону пландап жатабыз. Тагыраагы, жети класс мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуй турсун деп жатабыз», — деди Иманалиева.

Ал кошумчалагандай, жакынкы эки-үч аптадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша соңку чечим кабыл алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>