Бишкекте милиция үй-жайсыз адамдарды баш калкалоочу жайларга жеткирүүдө – видео

Бишкекте милиция үй-жайсыз адамдарды баш калкалоочу жайларга жеткирүүдө – видео

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы үй-жайсыз адамдарды муниципалдык баш калкалоочу жайларга жеткирүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Аба ырайы кескин сууктап кеткенине байланыштуу милиция борбор калаадагы үй-жайсыз адамдарды көчөлөрдөн издеп таап, атайын жайларга жеткирүү иш аракеттерин жүргүзүп жатат. Анын алкагында соңку суткада эле 29 адам «Коломто» муниципалдык баш калкалоочу жайына жеткирилген.

Ал жерде аталган адамдар жылуу жайга жаткырылып, ысык-тамак жана керектүү медициналык жардамдарды ала алышат. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>