Бишкекте милиция Ак үйдүн кызматкерлерине кол көтөргөн аялды издөөдө

Бишкекте милиция Ак үйдүн кызматкерлерине кол көтөргөн аялды издөөдө

2-мартта Бишкекте абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташы катары митингге чыккан аял Ак үйдүн кире беришинде Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине кол көтөргөн. Учурда аны милиция кызматкерлери издеп жатат.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Биринчи май райондук сотунда иликтөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, 2-мартта Садыр Жапаровдун эркиндигин талап кылган митинг массалык башаламандык орун алган. Анда тартип бузган 166 адам кармалып, ошол эле күнү 162 кайра бошотулуп, 4 жаран камакка алынды.

Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>