Бишкекте милиция бөлүмүнөн качкан шектүү Чүйдөн кармалды

Бишкекте милиция бөлүмүнөн качкан шектүү Чүйдөн кармалды

Чүй облустук ыкчам-тергөө тобу Бишкек шаарындагы Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн качкан 50 жаштагы Бакыт Турдубековду колго түшүрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Шектүүнүн Аламүдүн районунун аймагындагы жаңы конуштардын биринде жүргөндүгү тууралуу 8-июнга оогон түнү, саат 00:31 чамасында маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө топ айтылган дарекке барып, шектүүнү колго түшүрүшкөн.

Учурда кармалган адам Ленин райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, мурда уурулук менен кармаган Бакыт Турдубеков, 3-июнь күнү милиция бөлүмүнөн качып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>