Site icon Reporter.kg

Видео: Бишкекте милиция кафедеги мушташка катышкандарды издөөдө

Бишкекте милиция кафедеги мушташка катышкандарды издөөдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга «Павлин-Мавлин» кафесинде болгон чырдын видеосу тарап, анда турист сабалганы тууралуу айтылган.

Свердлов райондук милициясы Reporter.kg’ге аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын билдирди.

Милициядан белгилешкендей, учурда мушташка катышкандарды аныктап-табуу боюнча иштер жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, бул окуя боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version