Site icon Reporter.kg

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Борбор калаада абал тынч. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  бардык шаардык кызматтар график жана штаттык режимде  иштеп жатат. Бишкек ШИИБ күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү.  Борбор калаада азырынча эч кандай окуя катталган жок.

Ошондой эле шаардык милиция калаа тургундарына кайрылып, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.

«Урматтуу жарандар, социалдык түйүндөрдөгү ыктымал провокациялык басылмаларга көңүл бурбай, текшерилген жана расмий маалыматтарга гана ишенүүнү суранабыз.

Жарандардын коопсуздугуна башкача коркунуч жаралса, дароо жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, 102 кыска номуруна чалыңыз» — деп айтылат кайрылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал. Жаңыланууда

Exit mobile version