Site icon Reporter.kg

Бишкекте милиция кызматкери тапанча менен жай тургундарды коркутканбы? — видео

Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакта милициянын формасын кийген адам колундагы тапанчага окшош буюм менен жай тургундарды коркуткан. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов күбөлөргө таянып жазып чыкты.

Окуя кайсы күнү болгону тууралуу жазылган эмес. Окуяны тактоо үчүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда  алар маалымат такталып жатканын билдиришти.

Exit mobile version