Site icon Reporter.kg

Бишкекте милиция кызматкери жол кырсыгына кабылды

18-август күнү Чүй — Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анын видеосу интернетке жарыяланды.

«01KG852APT» номурлуу «Мерседес 320» унаасын башкарып бара жаткан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери, жолду кесип өтүп жатып, Чүй менен келе жаткан “Кия-Соренто”  автомобили менен кагылышкан.

Министрликтин Reporter.kg’ге  билдирүүсүндө, учурда Бишкек шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Милиционер Улуттук госпиталга жаткарылган. Ал эми “Кия-Сорентонун” айдоочусу жеңил жаракат алган.

Exit mobile version