Site icon Reporter.kg

Бишкекте милиция кызматкерлери сыйланды. Алар кимдер?

Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарындагы райондорунда иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Райондун акимдери милиция кызматкерлерин кесиптик майрамынын урматына коомдук тартипти коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өздөрүнүн кызматтык милдеттерин абийирдүү аткаргандыгы үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйлашты.

Акимдер өз куттуктоолорунда тартипти жана шаардын туруктуулугун камсыз кылууда ички иштер органынын ишинин маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине иштерине бакубатчылык жана чың ден соолук каалап, алардын күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ленин району боюнча сыйлангандар:

Биринчи май району боюнча сыйлангандар:

Октябрь району боюнча сыйлангандар:

Свердлов району боюнча сыйлангандар:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version