Site icon Reporter.kg

Бишкекте митинг өткөрүүгө чектөө узартылды

Бишкекте митинг өткөрүүгө чектөөлөр 2023-жылдын аягына чейин узартылды. Бул боюнча Биринчи май райондук соту чечим кабыл алганын мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, калаа башчылыгы массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында сотко кайрылган.

31-декабрга чейин Жогорку Кеңештин, Россиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө болбойт.

Жарандар Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы сейил бакта гана чогула алышат.

Exit mobile version