Site icon Reporter.kg

Бишкекте митингге чыкканы үчүн кармалгандар кое берилди

13-июль күнү Бишкетин борбору “Ала-Тоо” аянтына митингге чыкканы үчүн кармалган 8 адам коё берилди. Бул тууралуу Ички ишитер министрлиги кабарлайт.

ИИМдин маалыматына караганда, алар коронавирустун күчөшүнө байланыштуу шаарда митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча кабарлама алганына  кабарбай митингге чыгышкан.

Кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң кое берилген.

Exit mobile version