Site icon Reporter.kg

Бишкекте мушташ чыгып, жаш жигит бычактан жараат алды (видео)

Бишкекте 17-майга караган түнү мушташ болуп, бир жаран бычактан жараат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-майда болжол менен саат 02:30да «102» кызматына түнкү клубдардын биринде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, мушташ учурунда 24 жаштагы М.А. аттуу жаран бычактан жараат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.А. жана 22 жаштагы Н.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ленин райондук соттун чечими менен шектүүлөр үй камагына чыгарылган.

Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version