Site icon Reporter.kg

Бишкекте мушташ учурунда эки адам бычактан жараат алды. Милиция эмне дейт?

Бишкектеги кафелердин биринде мушташ учурунда эки жаран бычактан жараат алды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:00до «102» кызматына, Бишкектеги кафелердин биринде эки топко бөлүнгөн жарандардын ортосунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине тергөө-ыкчам тобу чыгып, жерине келген милиция кызматкерлери эч кимди тапкан эмес.

Ошол эле учурда, 20-декабрда болжол менен саат 06:50до милицияга №1 шаардык ооруканадан бычактан жараат алган С.Т. жана Р.Т. аттуу жарандар медициналык жардам үчүн кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

«Учурда аталган кылмышты жасаган адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө уланууда», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version