Site icon Reporter.kg

Бишкекте «Музейдеги түн» акциясы кандай өттү? Сүрөт баян

17-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Эл аралык музейлер күнүнө арналган жана салтка айланган “Музейдеги түн” маданий иш-чарасы болуп өттү.

Музейлер түнү — маданият менен искусствону кеңири жайылтууга багытталган масштабдуу ачык иш-чара. Саат 20:00дөн таңкы 03:00гө чейин музей борбор калаанын чыгармачыл жана руханий борборуна айланып, келген конокторду сүрөт өнөрү, кол өнөрчүлүк, заманбап искусство жана музыка дүйнөсүнө жетеледи.

Программа алкагында төмөнкүдөй кызыктуу бөлүктөр уюштурулду:

Кийиз, акварель, сайма жана чопо өнөрү боюнча мастер-класстар, арт-терапия сабактары;

Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн интерактивдүү инсталляциялары;

Kөчмө тамак-аш бурчтары;

“Музейдеги музей 9.0” аттуу мультимедиялык көргөзмө;

Сүрөтчү Умар Раджабов менен Алмаз Шаршекеевдин “Тандем” аттуу автордук долбоору;

Музыкалык жандуу аткаруулар — комуз, ханг, диджериду, синтезаторлор катышкан эксперименталдык музыкалык перформанстар;

Сүрөт боюнча квиз.

Музей түнүнүн өзгөчө кооз учуру катары Венгриядан келген сүрөтчүлөрдүн сайма боюнча мастер-классы жана көргөзмөсү, ошондой эле Tangokana танго коомчулугунун перформанстары көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна арзыды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version