Site icon Reporter.kg

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн 20 чет элдик жаранга айып салынды

Бишкекте шаардык милициянын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын борбор калаасында мыйзамсыз иштеп, мыйзамсыз жашап жүргөн чет мамлекеттин 20 жаранын аныкташты. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 8-майда болгон иш-чаранын жыйынтыгында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөн 20дан ашык чет мамлекеттин жараны алынып келинген. Кылмыш-жаза кодексинин “Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуусунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик жүрүү эрежелерин бузуу” беренеси боюнча 21 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 115 миң 500 сом айып салынган.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version