Site icon Reporter.kg

Бишкекте мыйзамсыз сакталган бир топ курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Бишкекте эки жайдан мыйзамсыз сакталган бир топ  курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, буга чейинки козголгон кылмыш иштин алкагында, шектүү делген эки дарекке тинтүү жүргүзүлгөн.

Табылган курал-жарак жана ок-дарылар:

Мындан сырткары аталган даректен  19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм “гашиш” жана 1 килограмм 910 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаттары табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын өздүгүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version