Бишкекте “Народный” дүкөнүн тономокчу болгон шектүү кармалды

Бишкекте “Народный” дүкөнүн тономокчу болгон шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан “Народный” дүкөнүн тоноого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

26-февраль күнү саат 04:50 чамаларында “102” кызматына Жаш Гвардия булвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный”  дүкөнүндө куралчан тоноп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматы барганда, дүкөндү тоноого аракет кылган адам күзөтчүлөрдү көрүп, белгисиз тарапка качып кеткени аныкталган.

Көрүлгөн ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында жасалма мылтык менен 19 жаштагы шектүү Жибек-Жолу менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>