Бишкекте “Народный” дүкөнүн тоногон кылмышкер кармалды

Бишкекте “Народный” дүкөнүн тоногон кылмышкер кармалды

Бишкек шаарындагы Асанбай кичи районунда жайгашкан “Народный” дүкөнүн тоногон 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя тууралуу милицияга 14-январда саат 18:45 чамасында билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө топ бет кап кийген кылмышкер дүкөнгө курал менен кирип, кассадан 30 миң сом алып, качып кеткенин аныкташкан.

Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (“Каракчылык”) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Э.И., аттуу адам кармалган. Анын жанынан акча, 9 огу менен ок атуучу курал, бет кап, кол кап жана 2 бычак табылган. Шектүү Бишкектин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

[su_image_carousel source=»media: 18446,18447,18448,18449″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>