Бишкекте Нефрология, диализ жана трансплантология борбору курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ал республикалык бюджеттин эсебинен 446 млн 604,6 миң сомго салынат.
Эртең, 20-ноябрда аталган борбордун курулушун баштоого капсула салынат. Ага министри Алымкадыр Бейшеналиев катышат.