Site icon Reporter.kg

Бишкекте Ноорузга карата шаардын борборундагы айрым көчөлөр жабылат

Бишкекте Нооруз майрамына карата шаардын борборундагы айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ноорузга карата Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт. Ага байланыштуу 20-21-мартта айрым көчөлөр жабык болот:

Чүй проспектиси – Панфиловдон Эркиндик бульварына чейин;

Раззаков көчөсү – Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин;

Орозбеков көчөсү – Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин.

Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулар түшүнүү менен мамиле жасарына үмүт кылат.

Exit mobile version