Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте 2-сентябрдан 4-сентябрга чейин эки райондо газ өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү оңдоо иштери жүргүзүлөт. Анда «Достук» кичи районунда, Буурдинский, Садовая, Месароша, Профсоюз көчөлөрүндө жана Темиров туюк көчөсүндө газ жок болот.

Мындан тышкары Очаковский, Кайназарова жана Аласов көчөлөрүндөгү 16 үйгө газ берилбейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>